Кыргызстанда жүзүмдөн шарап өндүрүү 2,7 эсеге өстү

20 марта 2023, 11:59

Быйыл январь-февраль айларында жүзүмдөн шарап өндүрүү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 279,6%га өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин материалдарында айтылат.

Акчалай алганда, 2023-жылдын январь-февраль айларында жүзүмдөн шарап өндүрүүнүн көлөмү 23 миллион 650,5 миң сомду түздү. 2022-жылдын ушул эле мезгилинде иш жүзүндө учурдагы баада 13 миллион 323 миң сомдук өнүм өндүрүлгөн.