Прокуратура 98,1 млн сомдук жерди мамлекетке кайтарып берди

18 мая 2021, 10:20

Жалал-Абад облусунда 98,1 миллион сомго бааланган төрт гектар аянттагы мыйзамсыз берилген жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Жалал-Абад шаардык мамлекеттик акимиатынын буйругу менен 1996-жылдын 22-августунда төрт гектар аянттагы жер тилкеси "А" ишкерлер ассоциациясынын жеке менчигине унаа тейлөө кызматын куруу максатында мыйзамсыз берилгендиги аныкталган. 

Текшерүүнүн жыйынтыгында прокуратура сотко жогоруда аталган буйрукту жараксыз деп табуу жөнүндө доо арыз келтирип, натыйжада бардык сот инстанциялары тарабынан арыз толугу менен канааттандырылды.

Прокурордук жооп актынын негизинде жогорудагы жер тилкеси Жалал-Абад шаарынын мэриясынын балансына кабыл алынды.