Прокуратура наркы 7 млн сомдон ашкан жер тилкесин мэрияга кайтарып берди

29 апреля 2021, 10:00

Таш-Көмүр шаарынын прокуратурасы жети миллион сомдон ашык суммадагы шаардын жер тилкесине менчик укугун кайтарып алды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Текшерүү учурунда Таш-Көмүр шаарынын мэриясы тарабынан үч гектар жерди Кыргыз Республикасынын жаранына мыйзамсыз пайдаланууга берилгендиги, ал эми Мамреестр өз кезегинде жеке менчик укугуна документтерди бергендиги аныкталды.

Прокуратура тарабынан доо арызы келтирилген, натыйжада ал толугу менен канааттандырылган.

Ошентип, шаардын мэриясы балансына 7 миллион 350 миң сомдук жер тилкесин кабыл алды.