Быйыл Чүй облусунун өнөр жайчыларынын өндүрүшү 44,8 млрд сомду түздү

18 мая 2021, 13:50

Жыл башынан бери өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 98,5 миллиард сомду түздү. Анын ичинен 44,8 млрд сом Чүй облусунун ишканаларына туура келет, деп билдирди Улуттук статистика комитети.

Көлөмү боюнча экинчи орунда Ысык-Көл облусу турат. Кумтөр кени бар аймак 20,2 миллиард сомго продукция өндүргөн. 14,1 миллиард сом көлөмү менен Бишкек алдыңкы үчтүктө.

Региондордо өндүрүш көлөмү төмөнкүдөй бөлүштүрүлөт:

  • Жалал-Абад - 10,3 миллиард сом;
  • Ош облусу - 3,7 миллиард;
  • Ош шаары - 1,9 млрд;
  • Талас - 1,1 миллиард сом;
  • Баткен - 1,1 млрд;
  • Нарын шаары - 943 миллион сом.