БУУ 170 миң долларга медициналык жабдыктарды алып берди

25 декабря 2020, 15:00

Бириккен Улуттуар Уюмунун өнүктүрүү программасы Кыргызстанга кезектеги гуманитардык жардамын жөнөттү. Бул ирет БУУ медициналык жабдыктарды, медициналык мекемелерге коргонуучу каражаттарды жиберди. Бул тууралуу БУУнун сайтында маалымдалат. 

 

 

Өлкө боюнча 20 ооруканага 40 дем алдыруучу концентраторлор жана коргонуучу каражаттар медициналык мекемелерге берилет. 

Жалпысынан жардамдын көлөмү 170 миң долларды түзүүдө. Белгиленгендей, тизме Саламаттык сактоо минитсрлигинин муктаждыктарына ылайык өзгөрүшү мүмкүн. 

Андан сырткары, министрлик алдындагы гемотология жана онкология Улуттук борборуна 59 миң долларды түзгөн медициналык жабдыктар келди.