Компаниялардын мөөнөтү өтүп кеткен дебитордук карызы кыскарды

13 декабря 2022, 16:44

Былтыр, 2021-жылдын 1-октябрына карата Кыргызстандагы ишканалардын дебитордук карызы 177 миллиард 68 миллион 521,5 миң сомду түзгөн. Ал эми 2022-жылдын октябрь айында бул көрсөткүч 235 миллиард 912 миллион 873,2 миң сомго өскөн. Башкача айтканда, дебитордук карыз 33,23%га өскөн. 

Муну менен, мөөнөтү өтүп кеткен дебитордук карыздын көлөмү 2022-жылы 6 миллиард 883 миллион 719,7 миң сомдон 6 миллиард 417 миллион 313 миңге же 6,77%га азайган.

Белгилей кетсек, мөөнөтү өтүп кеткен дебитордук карыз бул- өз убагында төлөнбөгөн контрагенттин карызы болуп саналат. Төлөө шарттары бузулса, карыз кайтарылууга күмөндүү же үмүтсүз деген категорияларга бөлүнөт. Контрагенттердин үмүтсүз карыздары чыгаша катары жоюлат. Ал эми шектүү карыздар боюнча резерв түзүлөт.