Мөөнөтү өткөн 12,6 млн сомдук дарылар аймактарга таратылган

14 ноября 2022, 17:37

Мамлекеттик материалдык резервдер фондунан жалпы суммасы 12 миллион 63 миң сомдук мөөнөтү өтүп кеткен дарылар Кыргызстандын аймактарына бөлүштүрүлдү. Бул тууралуу парламенттин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында белгилүү болду. 

Бул тууралуу парламентке Саламаттыкты сактоо министрлиги “Жашыруун” деген  гриф менен маалымат берди. 

Бул ишке ким жооп бере тургандыгы аныкталган жок.