Мамлекеттик сатып алуулар жеке соода аянтчаларына өткөрүлөт

10 сентября 2021, 10:20

Министрлер кабинетинде мамлекеттик сатып алуулардын жаңы форматы презентацияланды. Бул сатып алуучуга мамлекеттик сатып алуулар процессин электрондук соода аянтчалары аркылуу жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Бул тууралуу минкабдын басма сөз кызматы билдирди.

Муну менне электрондук соода аянтчасынын оператору мамлекеттик сатып алуулар боюнча тиешелүү мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аккредитациядан өтөт.

Мамлекеттик сатып алуулар веб-порталы мамлекеттик сатып алуулар жана электрондук соода аянтчалары боюнча бирдиктүү маалыматтык-аналитикалык маалымат базасын камсыз кылат.

Сунушталган регламент электрондук сатып алуулардын ачык, жеткиликтүү жана отчеттуу процесстерин уюштурууга жана өткөрүүгө мүмкүндүк берет.