Кыргыз-түрк бизнес форуму Түркиядагы өзгөчө кырдаалга байланыштуу жылдырылды

3 августа 2021, 17:14

Ушул жума күнү, 6-августта Бишкекте өтмөкчү болгон кыргыз-түрк бизнес форуму белгисиз мөөнөткө жылдырылды. Бул тууралуу Инвестициялар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Бул чечим Түркиянын бир нече аймактарында чыккан өрткө байланыштуу өзгөчө кырдаалдан улам кабыл алынды.

Эске салсак, бизнес-форум соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-отурумунун алкагында өтмөк.