ID картадагы даректи онлайн текшерүүгө мүмкүн

9 апреля 2020, 15:18

Мамлекеттик каттоо кызматы portal.srs.kg - электрондук кызмат порталы аркылуу жаңы биометрикалык ID карталарындагы каттоо дарегин онлайн  текшере алат.

Бул мүмкүнчүлүк өзгөчө кырдаал убагында орнотулган блок-посттордон өтүүдө ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн убактылуу киргизилген.