Депутаттар турак үйлөрдүн сейсмикалык туруктуулугун текшерген жок

6 марта 2024, 14:22

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Марлен Маматалиев Бишкек шаарындагы үйлөрдүн сейсмикалык туруктуулугун текшерүү боюнча мекемелер аралык комиссиянын ишине Жогорку Кеңештин депутаттары эмне үчүн катышпай калганын түшүндүрдү. 

Эске сала кетсек, Түркиядагы катуу жер титирөөдөн кийин Жогорку Кеңештин сунушу менен Бишкек шаарындагы үйлөрдү текшерүү боюнча мекемелер аралык комиссия түзүлүп, анын курамына депутаттар Марлен Маматалиев, Медербек Алиев жана Руслан Жакишов кирген.

“Комиссия ишинин биринчи күнү эле анын жетекчиси жок болчу. Анын ордуна орун басарын жиберди. Комиссия экинчи жолу чогулганда бизге даяр үйлөрдү көрсөтүштү. Биз аларга фундаменти жок, колонкасы жок үйлөрдү көрсөттүк да. Бирок комиссия каалаганын кылып, биз анын курамынан чыгып кеттик”, - деди Маматалиев.