Кыргызстанда жашоо минимуму 6332 сомду түздү

14 июля 2021, 17:40

Ушул жылдын экинчи кварталында өлкөдө жашоо минимуму 6332 сомду түзүп, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 15,6% га жогорулады. Жашоо минимумунун өлчөмүнүн өсүшү өлкөнүн бардык региондорунда белгиленди. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

Тамак-аш азыктарынын үлүшү (калктын орточо эсеп менен алганда) 65%, азык-түлүк эмес товарлар - 16%, кызмат көрсөтүүлөр - 17% жана салыктар - 2% болду.

Буга чейин Улуттук статистикалык комитет товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө баа (7,3%) жогорулагандыгын билдирген.