Кыргызстанда геологиялык чалгындоого түз инвестициялар 3,9 эсеге өстү

10 сентября 2021, 09:03

Чет өлкөлүк түз инвестициялардын негизги көлөмү, 97%дан ашыгы геологиялык чалгындоо, өндүрүш, тоо-кен, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу, маалымат жана байланыш, ошондой эле дүң жана чекене соодага багытталган, деп жазды Улуттук статистикалык комитет.

Мында геологиялык чалгындоого инвестициялардын көлөмү 3,9 эсе, кайра иштетүүчү ишканалар - 1,5 эсе, тоо-кен иштетүү - 5 эсе, маалымат жана байланыш - 27,8%, дүң жана чекене соода - 30%га өстү. Финансылык ортомчулукка жана камсыздандырууга инвестициялар 12,6%га азайган.

2021 -жылдын январь-июнь айларында чет өлкөлүк түз инвестициялардын агымы 321 миллион доллардан ашык болгон.