КР келген түз инвестициянын көлөмү 576.8 млн $ түзгөн

5 декабря 2019, 16:00

Үстүбүздөгү жылдын акыркы 9 айында Кыргызстанга 576.8 млн $ инвестиция келген. Өткөн жылдын тогуз айы менен салыштырып караганда, инвестициянын көлөмү 232 млн $ өскөн. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирет. 

Инвестициянын 96% геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүүгө, тоо-кен иштетүүгө, каржы ортомчулук жана камсыздандырууга, маалымат жана байланыш ошондой эле чекене жана дүң соодага жумшалган. 

Геологиялык чалгындоо иштерине бөлүнгөн инвестициянын көлөмү 2019-жылы 3.3 эсеге, тоо-кен иштетүүгө - 2.3 эсе, чекене жана дүң соодага - 25% көп болгон. 

Ал эми каржы ортомчулук жана камсыздандырууга бөлүнгөн инвестициянын көлөмү бул жылы - 11.2%, маалымат жана байланышка - 2.5%, тоо-кен компанияларына - 0.6% тескерисинче азайган.