Кыргыз-кытай чек арасындагы өткөрүү пункттары 4-январга чейин жабылат

28 декабря 2021, 12:28

Кытай тараптын демилгеси менен Жаңы жылды майрамдоого байланыштуу “Торугарт” жана “Эркечтам” өткөрмө бекеттери 1-январдан 3-январга чейин транспорт каражаттарын жана жүктөрдү алып өтүүгө убактылуу жабылат. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган көзөмөл өткөрүү жайлары 4-январдан тарта атайын алгоритм боюнча Кытайдан Кыргызстанга транспорт каражаттары менен жүктөрдү гана алып өтүүгө ишин улантат.