КР 5 облусу жарандык бюджетин онлайн-порталга жайгаштырды

20 декабря 2019, 12:08

Кыргызстандын беш облусу жарандык бюджетти,  жергиликтүү бюджеттин онлайн-порталына жайгаштырды. Бул тууралуу саясат жана өнүктүрүү институтунун өкүлү Надежда Добрецова Ачык өкмөт конференциясында билдирди. 

«Онлайн тиркеме каржы-экономика тармагында иштеген кызматкердин ишин жеңилдетет жана бюджет тууралуу маалыматты жергиликтүү тургундар электрондук түрдө ала алат», — деп билдирди.

Жарандык бюджет жергиликтүү тургундарга каржы тууралуу маалыматты жеткиликтүү жана жөнөкөй тилде алууга мүмкүнчүлүк түзөт.