Интернет желесинин иши толугу менен калыбына келди

24 октября 2022, 15:30

“Альфа Телеком” жабык акционердик коому учурда тармак толук калыбына келтирилгенин, интернетте көйгөй жок экенин билдирди.

Эске салсак, мобилдик жана зымдуу интернетте көйгөйлөр бүгүн эртең менен пайда болгон. Колдонуучулар интернетке туташа албай жатканына нааразы болушкан. Ал эми интернет-провайдерлер жана уюлдук операторлор провайдердин магистралдык линияларынын биринде көйгөйлөр бар экенин билдиришкен.

“Интернетке кирүүдөгү убактылуу кыйынчылыктарга, жогорудагы провайдер тараптагы техникалык көйгөйлөргө байланыштуу, MegaCom учурда тармак толугу менен жанданганын, интернетке кирүү толук калыбына келтирилгенин маалымдайт”, - деп билдирди MegaCom.