Көзөмөл-өткөрүү пунктарындагы иш контактысыз формага өтөт

3 декабря 2020, 13:15

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артем Новиковдун тапшырмасы боюнча, өкмөттүн Аппарат Жетекчиси – Министр Бактыбек Аманбаев кыргыз-казак мамлекеттик чек ара тилкесиндеги  «Ак-Тилек Автожол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун ишин көзөмөлдөдү.



Аманбаев белгилегендей, аталган көзөмөл-өткөрүү пунктунда учурда 8 кызмат иш алып барууда, эгерде мында бирдиктүү автоматташтырылган товарларды эсепке алуу жана көзөмөлдөө тутуму болсо, иш бир кызмат аркылуу гана жөнгө салынмак.



«Биз чет мамлекеттердин тажрыйбасын пайдалануубуз керек, анда көзөмөл-өткөрүү пункттарындагы товарларды эсепке алуу жана көзөмөлдөө автоматташтырылган тиртипке өткөрүлгөн, аталган ишти техника аткарат. Ишти контактысыз формага өткөрүү коррупциялык тобокелдиктерди толугу менен жоет», - деп белгиледи Бактыбек Аманбаев.



Ошондой эле, жүк ташуучу унаалар мамлекеттик чек арадан өтүүсүндө тийиштүү кызматтар тарабынан үстүртөн гана каралат, бул аткезчилик жана башка тыюу салынган товарлардын ташылып кирүүсүнө толук бөгөт кое албайт.



«Контактысыз негизде иш алып барган сканердик техниканы орнотуу керек. Бул аткезчилик жана башка тыюу салынган товарларды республиканын аймагына киргизилишине чек гана койбостон, көзөмөл-өткөрүү пункттарындагы тутумду коррупциялык көрүнүштөрдөн сактайт», - деди ал.


Белгиленгендей, айрым учурда каттоо китебинде көрсөтүлгөн сандар көзөмөл-өткөрүү пункттары аркылуу өткөн транспорттук каражаттардын реалдуу санын көрсөтө бербейт, бул өткөрүү пунктундагы коррупциялык схемалардын орун алгандыгынан кабар берет.