Рахат Жунушова «Кыргызтелекомдун» башкармалыгынын төрагасынын орун басары болду

19 ноября 2021, 09:02

“Кыргызтелеком” ачык акционердик коому башкармалыктын курамы өзгөргөнүн билдирди. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында жазылды. 

Тактап айтканда, Рахат Жунушова “Кыргызстелекомдун” башкармалыгынын төрагасынын орун басары болуп шайланды. Тиешелүү чечимди директорлор кеңеши ушул жылдын 27-октябрында кабыл алган.