УКМК: Раим Матраимов кармалды

20 октября 2020, 12:25

Коррупция фактысы боюнча Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов кармалып, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине жеткирилди.

УКМКнын маалымат кызматынын билдирүүсү боюнча, бүгүн, 20-октябрда бажы органдарындагы коррупция фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, УКМКнын АКС оперативдик-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө кармалды.

Буга чейин Бажы тутумунда 2016-жылдын башынан ушул күнгө чейин Райымбек Матраимовдун жакындары көмүскө кирешелерди алуу үчүн коррупциялык схеманы түзүшкөн, анын натыйжасында мамлекеттин казынасына ири өлчөмдө зыян келтирилген.

Учурда сотко чейинки өндүрүштүн алкагында тергөө-оперативдик иш-чаралар жүргүзүлүүдө.