Райымбек Матраимов күнөлүү деп табылып, 260 миң сом айып салынды

11 февраля 2021, 17:32

Биринчи май райондук сотунда экс-бажычы Райымбек Матраимов күнөлүү деп табылып, 260 миң сом айып салынды. 

 

Буга чейин келтирилген чыгымдар үчүн Райымбек Матраимов мамлекетке 2 млрд сом төгүп берген. 

 

Мындан тышкары, Матраимовго тиешелүү мүлктөр камактан чыгарылып, өлкөдөн чыкпоо тууралуу бөгөт чарасы жокко чыгарылды. Соттун кызматкерлери апелляциялык арыз менен кайрылабы же жокпу, азырынча маалымат жок.