Сентябрда мамлекеттик бюджеттин чыгашасы 18,9%га өстү

5 октября 2022, 11:19

Борбордук казыналыктын маалыматы боюнча, 2022-жылдын сентябрына карата бюджеттин кассалык чыгашасы 23 миллиард 671,6 миллион сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министринин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, август айында республикалык бюджеттин чыгашасы 19 миллиард 907,3 миллион сомду түзгөн.

Сентябрь айында жалпы сумманын ичинен 5 миллиард 187,8 миллион сом бюджеттик мекемелердеги кызматкерлердин эмгек акысына жумшалган.

Калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө 1 миллиард 625,5 миллион сом жана социалдык камсыздоо боюнча жөлөкпулдарга 1,2 миллион сом жумшалды.

Калган каражаттар мамлекеттик бюджеттин башка артыкчылыктуу чыгашаларын каржылоого жумшалат.