2021-жылы президенттин аппаратынын чыгымдары эки эсеге көбөйтүлгөн

10 января 2022, 09:34

Президенттин администрациянын 2021-жылга такталган бюджети Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчылыгын кошкондо 334,5 млн сомду түздү жана 167,7 млн сомго же бекитилген бюджетке салыштырмалуу 100,5 %га көбөйтүлдү.

Чыгымдардын 167,7 млн сомго көбөйүшү негизинен республиканын мамлекеттик аткаруу бийлигинин органдарынын системасындагы функционалдык жана структуралык өзгөрүүлөргө байланыштуу Министрлер кабинетинин чыгашаларынан каражаттарды которуунун эсебинен (101,5 млн сом) камсыз кылынды.

Кошумчалай кетсек, министрлер кабинетинин чыгашалары мурда бекитилген бюджетке салыштырмалуу 119,1 млн сомго же 55%га кыскарган.