Бул айда ЖКнын аппаратынын чыгашасы дээрлик 30%га өсөт

27 июня 2022, 10:25

Жогорку Кеңештин аппаратынын июнь айына чыгашасы 60 миллион 31 миң сом өлчөмүндө пландалууда. Мындай маалыматтар республиканын Финансы министрлиги тарабынан берилди.

Ушул жылдын май айына салыштырмалуу чыгашалар 13 млн 669,9 миң сомго, же 29,48%га өсөт.

Ошону менен бирге бюджетте каралган чыгашалар реалдуу чыгашалар менен дайыма эле дал келе бербейт. Алсак, республикалык бюджеттин кассалык аткарылышы боюнча отчетко ылайык, май айында Жогорку Кеңешти кармоого 110 миллион 10,6 миң сом, же 1 миллион 383,8 миң доллар бюджеттик акча жумшалган. Бул сумма дээрлик парламенттин өткөн үч айдагы жалпы чыгашасына барабар. Алсак, быйылкы жылдын январынан март айына чейин каражат 114 миллион 30,5 миң сомду түздү.