Президенттик администрациянын чыгымдары 36,8%га кыскарды

3 февраля 2022, 12:23

Январь айында президенттик администрациянын жана ага караштуу түзүмдөрдүн чыгымдарына 98 млн 311,1 миң сом бөлүнгөн. Мындай маалыматтар Каржы министрлигинин кассалык планында келтирилген.

Дээрлик 31%ы - Кыргызстандын президентинин администрациясынын чыгымдары. Калган сумма администрациянын жалпы чарбалык иштерине, резервдик фондго, президенттин архивине жана президенттин иш баркармалыгына бөлүнөт.

Кошумчалай кетсек, 2021-жылдын декабрына салыштырмалуу январь айында администрациянын чыгымдары 36,8%га кыскарган.