Президенттик аппараттын чыгымдары былтыркы жылга салыштырмалуу көбөйдү

23 апреля 2021, 10:21

Президенттин аппараты 2021-жылдын биринчи кварталында былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу көп чыгым жасады. Борбордук казыналыктын маалыматына ылайык, аппараттын бюджети 1 миллион 117,3 миң сомго көбөйгөн.

Ошентип, президенттик администрациянын жалпы чыгымдары үч айда 23 миллион 86,2 миң сомду түздү. Каражаттардын көпчүлүгү, тагыраагы, 83% дан ашыгы эмгек акыны төлөөгө сарпталган. 

Ал эми өткөн жылдын биринчи кварталында президенттик администрациянын чыгымдары 21 миллион 968,9 миң сомду түзгөн.