Май айында ведомстволордун бюджеттик чыгымдары 1,5 миллиард сомго азаят

15 мая 2020, 10:17

Кыргызстандын Финансы министрлиги маалымдагандай, май айындагы республикалык бюджеттин акчалай пландаштыруусуна ылайык, ведомстволук классификация боюнча казыналык чыгымдардын суммасы 11 млрд 100 млн 573,5 миң сомду түзгөн. 

Планга ылайык, белгилей кетсек апрель айындагы чыгашагы салыштырмалуу1 млрд 491 млн 880 миң сомго кем түзүлгөн. Апрелде чыгашанын жалпы суммасы - 12 млрд 592.4 млн сомду түзгөн.