Декабрь айындагы бюджеттин чыгашасы 12.6 млрд сомду түзөт

10 декабря 2019, 10:21

Үстүбүздөгү жылдын декабрь айына бекитилген республикалык бюджеттин кассалык планы боюнча жалпы ресурстар 15 075 млрд сомду, жалпы чыгашалар 12 629,6 млрд сомду түзмөкчү. 

Борбордук казыналыктын маалыматтары боюнча, 2019-жылдын 1-декабрына карата мурунку мезгилдин кассалык планынан калдык 5 млрд  509,9 млн. сомду түздү. Ушул тапта жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаттары бюджеттик мекемелердин жеке эсептеринде турат. КР бюджеттик мыйзамдарына ылайык бул каражаттарды өздөштүрүү министрликтер жана ведомстволор тарабынан ушул финансылык жыл аяктаганга чейин жүргүзүлүүгө тийиш.

Аны менен бирге 2019-жылдын декабрына бекитилген кассалык планга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн экендигин белгилей кетмекчибиз.