Өкмөттүн март айындагы чыгашасы 650 млн сомго көп болду

4 мая 2020, 13:00

Өкмөт ашыкча чыгашаларды кыскартабыз дегени менен, март айында чыгашанын көлөмү февраль айына салыштырмалуу 2.4 млрд сомго көп болгон. Бул маалыматты республиканын финансы министрлиги билдирди. 

«Акчабар» порталынын жүргүзгөн анализине ылайык, чыгашанын көлөмү өскөнү байкалган. 

Ал эми айлана-чөйрөнү коргоо, турак-жай коммуналдык чарба жана эс алуу, маданият жана дин тармагында тескерисинче чыгашанын көлөмү төмөндөгөн. 

Мамлекеттик бюджеттин I кварталдагы чыгашасы мамлекеттик кызмат, билим жана коргонууга жумшалган. Мамлекеттик кызматка март айында бюджеттен, февраль айына салыштырмалуу  654.5 млн сомго көп сарпталган. Бул өкмөттүн чыгашаларды азайтабыз дегенден кийинки, чыгымдын көлөмү.