Финансы секторунун чыгашалары 1,5 эсеге өстү

2 июня 2023, 16:07

Быйылкы жылдын биринчи кварталында экономиканын финансы секторунда 632 уюм, анын ичинде Улуттук банк, 23 коммерциялык банк, 357 ломбард, 142 микрокредиттик уюм, 93 кредиттик союз, 15 камсыздандыруу уюму жана 1 адистештирилген финансы-кредиттик уюм иш жүргүзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитеттин басма сөз кызматы билдирди.

2023-жылдын январь-мартында финансы секторунун уюмдарынын кирешелери өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 24%га көбөйүү менен жалпысынан 30 млрд сомдон ашты, бул коммерциялык банктардын кирешелеринин өсүшү менен камсыз болду.

Ошондой эле финансы секторунун уюмдарынын чыгашалары ушул эле мезгилде 1,5 эсеге көбөйүп, 18,6 млрд сомду түздү.