Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин чыгашалары 8,6 млрд сомго көбөйдү

6 июля 2021, 16:10

Ушул жылдын январь-апрель айларында Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин чыгашалары 57 миллиард 663,1 миллион сомду түзүп, 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу чыгымдар 8 миллиард 610,6 миллион сомго, же 17,5% га көбөйдү.

Чыгымдардын көбөйүшү операциялык ишмердүүлүккө жана финансылык эмес активдерди алууга чыгымдардын өсүшүнөн келип чыккан.

Белгилей кетсек, саламаттык сактоого чыгашалардын өсүшү күтүлгөндөн айырмаланып, 70,2 миллион сомго гана көбөйгөн, ал эми жалпы кызмат көрсөтүүлөрдү тейлөөгө кеткен чыгымдар 1,3 миллиард сомго жогорулаган.