Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө чыгашасы 2023-жылы 23% өсөт

15 сентября 2022, 09:52

Быйылкы жылы Кыргызстан мамлекеттик карызды төлөөгө бюджеттен 48 миллиард 625,4 миллион сом бөлүүнү пландоодо. Мындай маалыматтар республиканын Финансы министрлиги тарабынан берилди.

Ушул жылдын бекитилген планына салыштырганда өсүш 23 процентти түзөт. Мамлекеттик карызды тейлөөнүн көлөмүнүн көбөйүшү өлкөнүн тышкы милдеттенмелери боюнча негизги карызды төлөөгө чегерүүлөрдүн 30%га, 20,9 млрд сомдон 27,2 млрд сомго чейин көбөйүшү менен байланыштуу.

“Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө 2024-жылы 64 миллиард 670,6 миллион сом, 2025-жылы 75 миллиард 63,3 миллион сом бөлүү пландалууда”, — деп билдирет Каржы министрлиги.

Муну менен 2025-жылы мамлекеттик карызды тейлөөнүн наркы 2022-жылга салыштырмалуу 1,9 эсеге өсөт.