Кыргызстандын мамлекеттик карызын тейлөөгө чыгымдары 8,67%га өстү

11 октября 2022, 13:32

Быйыл январь-сентябрь айларында Кыргызстан мамлекеттик карызын тейлөөгө 24 миллиард 706,9 миллион сом багыттады. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди.

Анын 16 миллиард 292,8 миллион сому мамлекеттик тышкы карызды төлөөгө кеткен. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу чыгашалар дээрлик 2 эсеге (8 млрд 414,1 млн сомдон) өстү.

Ошол эле учурда ички карызды төлөөгө жумшалган сумма 14,3 миллиард сомдон 8 миллиард 414,1 миллион сомго азайды. Муну менен мамлекеттик карызды тейлөөнүн жалпы наркы 8,67%га, же 1,9 млрд сомго өстү.