Январда Транспорт министрлигинин чыгашасы 180 млн сомдон ашты
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин быйыл январь айындагы чыгашасы 182 миллион 382,3 миң сомду түздү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин материалдарында айтылат.
Маалыматка ылайык, каражаттын басымдуу бөлүгү (90,25%) имараттарга жана курулушка жумшалган. Ага жалпысынан 164 млн 593,4 миң сом кеткен. Андан тышкары, эмгек акыга, чегерүүлөргө 14 млн 703,4 миң сом бөлүнгөн.
Соцфондго 1 млн 81,2 миң сом жумшалган.