Быйыл соцфонддун чыгашалары 34,6 млрд сомду түздү

30 августа 2021, 15:00

Алдын ала маалыматтар боюнча, Социалдык фонддун чыгашалары 2021-жылдын январь-июль айларында 34 миллиард 636,3 миллион сомду түздү. 

Фонддун чыгашаларынын көлөмү 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 2,4 млрд сомго көбөйдү.

Кошумчалай кетсек, пенсияларды жана башка социалдык төлөмдөрдү төлөөгө 29 миллиард 83,3 миллион сом өлчөмүндө бардык керектүү сумма толугу менен каржыланган.