Декабрда билим берүү мекемелеринин чыгашасы 4,9 млрд сомго жетти

3 января 2023, 17:39

Өткөн 2022-жылдын декабрь айында Билим берүү жана илим министрлигине караштуу билим берүү жана маданият мекемелеринин чыгашалары ноябрь айына салыштырмалуу 1 миллиард сомдон ашык өстү. Бул тууралуу Каржы министрлигинин материалдарында айтылат.

Декабрь айында билим берүү жана маданият мекемелеринин чыгашалары 4 миллиард 860 миллион 487,2 миң сом өлчөмүндө белгиленген. Бул ноябрь айынын 3 миллиард 809 миллион 141,9 миң сомго пландалган чыгашалардан 1 миллиард 51 миллион 345,3 миң сомго көп.