Жогорку соттун август айындагы чыгашасы көрсөтүлгөн суммадан 10 эсеге аз болгон

10 сентября 2019, 12:59

КР Финансы Министрлигинин официалдуу сайтында, Жогорку соттун 1 айлык чыгашасы 109 млн. сомго жеткени тууралуу маалымат чыгарылган.  Бирок, Жогорку сот кайрадан бул билдирүүнү четке кагып,  бир айлык чыгаша жогорудагы көрсөтүлгөн  суммадан 10 эсе аз экенин айтууда. 

“Акчабарга” берген маалыматтары боюнча, август айындагы чыгаша 10 млн. 464 миң 600 сомду түзгөн.Эсептелген чыгашалардын ичине: Жогорку сот астындагы, адилет Жогорку мектеби, Сот департаменти,  Конституциялык палатасынын чыгашалары дагы кирет.