Парламентке сентябрда бюджеттен 92,7 млн сом сарпталды

31 октября 2022, 14:03

Сентябрь айында Жогорку Кеңешке бюджеттен 92 миллион 733,4 миң сом жумшалган. Бул тууралуу Каржы министрлиги билдирди. 

Ага ылайык, эң көп чыгаша 79,51%ды же 73 млн 729,5 миң сомду түзүп, эмгек акыга берилген.

Белгилеп кетсек, сентябрда август айына салыштырмалуу Жогорку Кеңештин чыгашасы 19,55%га азайган. Бул эмгек акы чыгымдарынын 22,79%га кыскарышы менен байланыштуу.