Аз камсыз үй-бүлөлөрдү күн батареялары менен камсыздоо маселеси каралууда

3 мая 2022, 12:07

Кыргызстанда жакырчылыкка каршы күрөштүн алкагында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү күн батареялары менен камсыздоо мүмкүнчүлүгү каралууда. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаев социалдык кызматкерлердин республикалык кеңешмесинде билдирди.

Анын айтымында, күн батареялары калктын жакыр катмарын бекер электр энергиясы менен камсыз кылуудан тышкары, долбоордо ашыкча электр энергиясын мамлекеттен кайтарып алуу да каралган.