Турак жайга кантип жетсе болот? (тасма)
Турак жайлуу болуу ар бир эле адамдын кыялы го. А азырынча Кыргызстандыктар чет жерде жанын карч уруп там ташка жетсе, айрымдар турак жайга жетпес кыялдай ээрчип келишет. Анткени, Кыргызстанда турак жайдын баасы асман чапчыйт. Учурда 100% турак жайга ээ болууга кантип жетсе болот. Ипотекага караганда аз -аздан акысын берсе ал эмнеси менен пайдалуу? «Акчабар» редакциясы «Альфа» компаниясынын башчысы Нияз Гайдаров менен маектешти.