Баткен жана Жалал-Абадга аба каттамдар көбөйөт

20 мая 2022, 12:03

Кыргызстанда ички каттамдардын саны көбөйтүлгөнүн Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин жарандык авиация департаменти билдирди.

Tez Jet авиакомпаниясы эми Бишкектен Баткен облусуна жумасына эки жолу каттайт.

Ал эми ушул жылдын июнь айынан тарта Жалал-Абад облусуна да каттамдарды көбөйтүү пландалууда.