Раушан Сейткасымова “Керемет банктын” директорлор кеңешинин курамынан кетти

30 декабря 2021, 17:35

“Керемет Банк” банктын директорлор кеңешинин курамы өзгөрдү. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын сайтында маалымдалды.

Тактап айтканда, ушул жылдын 24-декабрында “Керемет Банктын” директорлор кеңешинин чечими менен Раушан Сейткасымованын банктын директорлор кеңешинин мүчөсүнүн ыйгарым укуктарын өз ыктыяры менен тапшыруусу боюнча арызы канааттандырылган.

Банктын директорлор кеңешинин жаңы мүчөлөрү 2022-жылдын 21-январында кезексиз жалпы чогулушта шайланат.

Эскерте кетсек, 2-ноябрда “Керемет Банк” ААКнын акционерлеринин кезексиз жалпы жыйынында банктын директорлор кеңешинин жаңы курамы шайланган. Ага башка талапкерлердин ичинен Раушан Сейткасымова кирген.