Равшанбек Сабиров Инвестиция агенттигинин жетекчиси кызматынан бошотулду
Равшанбек Сабиров президентке караштуу Улуттук инвестиция агенттигинин директорлук кызматынан өз арызы менен бошотулду.
Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Сабиров бул кызматка ушул жылдын март айында дайындалган.