Равшан Жээнбековдун Таластагы жер тилкеси мамлекетке кайтарылды

15 марта 2024, 10:30

Равшан Жээнбековдун Таластагы жер тилкеси мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында Талас облусунун Киров суу сактагычынын жээгинде жайгашкан жалпы аянты 4 гектар болгон "Эдельвейс-Тур" эс алуу зонасы мамлекетке ыктыярдуу түрдө кайтарылды.

Баалоо экспертизасынын корутундусуна ылайык, жеңил конструкциядагы административдик имараттары бар жер тилкесинин баасы 16 млн 871 миң сомду түзөт.

"Аталган жер тилкеси 2000-жылдардын аралыгында Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун жетекчиси болуп турган Равшан Жээнбеков менен аффилирленген жактарга мыйзамсыз берилгени аныкталган", - деп айтылат маалыматта.