«Ак-Сүт» ишканасынын 2021-жылга дивиденддери 33,2 млн сомду түздү

27 декабря 2022, 09:44

“Ак-Сүт” ААКсы 2021-жылга төлөнүүчү дивиденддерди жарыялады. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 927 акционерге 33 млн 247,9 миң сом бөлүнгөн. Баалуу кагаздардын 116 кармоочусу буга чейин 3,7 миллион сом өлчөмүндө дивиденд алышкан.

“Калган 811 акционер келбегендиктен дивиденддер төлөнбөй калды”, - деп белгилейт Кыргыз фондулук биржасы.