Былтыр «Бишкексүттүн» акциялары боюнча кирешеси 88,7%га кыскарды

27 апреля 2023, 17:49

Бүгүн өткөн "Бишкексүт" ААК акционерлеринин жылдык жалпы чогулушунда бир акцияга дивиденд 13,39 сом деп жарыяланды. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынан билдиришти.

Эске салсак, 2021-жылга бир акцияга дивиденд 118,19 сомду түзгөн. Андан кийин бардык пайда дивиденддерди төлөөгө багытталган.

Ошентип, дивиденддердин көлөмү 88,7%га азайган.

"Бүгүн акционерлер дивиденддерге 25% гана бөлүүнү чечишти. Дивиденддерди төлөп берүү 12-июнда башталат", - деп айтылат маалыматта.