Ички карыздын көлөмү бир айда 346,8 млн сомго көбөйдү

23 июня 2021, 16:30

Ички карыздын көлөмү 22-июнга карата 59 миллиард 480 миллион 345 миң сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук банктан белгилүү болду. 

Маалыматка ылайык, 21-майда ички карыз 59 миллиард 133 миллион 472 миң сомду түзгөн. Муну менен бир ай ичинде мамлекеттик карыз 346 миллион 872,9 миңге көбөйдү.

Ички карыздын өсүшү мамлекеттик казына облигацияларынан жана мамлекеттик казыналык векселдерден карыз алуунун көбөйүшү менен шартталат.