«Бала-Саруу» ГЭСинин долбоорун иштеп чыгууга 106 млн сом жумшалат

23 ноября 2021, 13:33

Таластагы Бала-Саруу ГЭСинин курулушунун документациясын иштеп чыгууга 106 миллион сом жумшалат. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынын басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, аталган ГЭСтин курулушуна капсула август айынын аягында салынган. Объекттин жалпы кубаттуулугу 25 мегаватт, орточо жылдык электр энергиясы 92 млн кВт саатты түзөт. 2022-жылдын декабрь айында бүтүшү керек болгон долбоорду Улуттук энергохолдинг менен Чакан ГЭС ишке ашырат.