Тоо-кен тармагында эркектер менен аялдардын маянасынын ажырымы 4,5 эсеге өстү

6 декабря 2022, 09:06

Беш жылдын ичинде тоо-кен тармагында иштеген аялдар менен эркектердин эмгек акысынын ортосундагы ажырым 25,56 пайыздык пунктка же 4,5 эсеге өскөн. “Акчабар” мындай эсептөөлөрдү Улуттук статистикалык комитеттин материалдарына таянып жасады. 

Статистикалык маалыматтарга ылайык, 2017-жылы бул тармакта иштеген аялдардын орточо эмгек акысы 22 миң 99 сомду, эркектердики 23 миң 738 сомду түзгөн. Ошондо бул көрсөткүчтөрдүн ортосундагы ажырым 7,4%ды түзгөн. Өткөн 2021-жылы аялдардын орточо айлык акысы 30 578 сомго, эркектердики 40 658 сомго жеткен. Алардын ортосундагы ажырым 32,96% га жеткен.

Белгилей кетсек, 2020-жылы тоо-кен тармагында эмгектенген аялдар эркектерге караганда 2.35% көбүрөөк маяна алышкан.