Креативдүү экономиканы өнүктүрүү негизги артыкчылыктардын бири -Байсалов

7 ноября 2022, 09:07

Чыгармачыл экономиканы өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын негизги артыкчылыктарынын бири. Бул тууралуу CREATE4 аттуу  креативдүү индустриянын күзгү фестивалынын ачылышында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.

“CREATE4 Creative Industries Festival - бул өлкөнүн бардык аймактарынан келген таланттуу, чыгармачыл, идеяларга, энергияга жана демилгелерге толгон жаратуучуларды бириктирген маанилүү окуя”, - деди ал.

Белгилеп кетсек, иш-чара президент Садыр Жапаровдун “Кыргызстандагы креативдүү экономиканы өнүктүрүү концепциясын” ишке ашыруунун алкагында, “Кыргызстандагы креативдүү экономиканы өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө жана Кыргызстандын прогрессивдүү өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү” Жарлыгын ишке ашыруу максатында өткөрүлдү.